Кыргызстанда сентябрда электрондук мектеп ачылат

Билим берүү министрлиги сентябрда электрондук мектепти ишке киргизүүнү пландоодо.

Бул тууралуу мекеменин орун басары Расул Авазбек уулу билдирди.

Анын айтымында, электрондук мектепке тажрыйбалуу мугалимдердин сабактары жүктөлөт жана бир нече багытта иш алып барат.

Маселен, онлайн мектепте этникалык кыргыздардын балдары жана чет өлкөдө жашаган мигранттар Кыргызстандын тарыхы жана кыргыз тили боюнча сабактарды алса болот.

Эгер окуучу ата-энеси менен өлкөдөн чыгып кетсе, анда ал бир чейрек же окуу жылын онлайн бүтүрө алат.

Ден соолугуна байланыштуу мектепке бара албаган же алыскы аймакта жашаган бала да убактылуу онлайн окуй алат, — деди чиновник.

Ошондой эле, бул мектеп аркылуу мугалим жетишсиз мектептерде сабак өтүүгө болот.