Мектептерде милдеттүү түрдө беткап тагынуу эрежеси алынды

Мектептерде милдеттүү түрдө беткап тагынуу эрежеси алынды. Республикалык штабдан билдиришкендей, тиешелүү чечим бүгүн кабыл алынды. Бул өлкөдө коронавирус боюнча кырдаал салыштырмалуу туруктуу болуп калганына байланыштуу.

 

Жаңы эрежер окуучуларга, ошондой эле билим берүү мекемелеринин бардык кызматкерлерине тиешелүү.

 

Бирок колду тез-тезден жууп туруу жана дезинфекциялоо сыяктуу санитардык талаптар сакталып калат.