Кыргызстанда жыл башынан бери 1 миллион 700 миң тоннадан ашык сүт өндүрүлдү

Кыргызстанда жыл башынан бери 1 миллион 700 миң тоннадан ашык сүт өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Муну менен калктын сүт азыктарына муктаждыгын дээрлик 2 эсе жабууга мүмкүн болду.

 

Андыктан, өлкөдө сүт жана кайра иштетилген сүт азыктары жетиштүү. Ошондой эле жыл башынан бери Кыргызстан сыртка 32 миң тоннага жакын сүт экспорттоду. Ал эми башка өлкөлөрдөн дээрлик 11 миң тонна сүт жеткирилди.