Бишкек мэри эми шаардын тарифи менен бюджетин өзү бекитет

Бишкек мэри эми шаардын тарифи менен бюджетин өзү бекитет. Бул тууралуу маалымат шаардык кеңештин сайтында жазылды.

 

Маалыматка ылайык, калаа башчысына мындай укукту административдик-аймактык реформа, тагыраагы, борбордун аянтын кеңейтүү иштери жүрүп жаткан убакыт ичинде берүү каралууда. Кеп коммуналдык кызмат жана коомдук транспорттогу жол киренин тарифи жөнүндө болуп жатат.

 

Реформага чейин бааны Бишкек шаардык кеңеши бекитчү.