Бишкек мэриясы бир айдын ичинде социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын тартуулайт. Бул тууралуу биринчи вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.
Анын айтымында, программа 2026-жылга чейин эсептелет. Анда бир катар багыттар жазылды.
Анын ичинде – заманбап шаардык инфраструктура, экономиканын өсүшү жана жергиликтүү бюджетти бекемдөө, социалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу жана натыйжалуу башкаруу бар. Программаны ишке ашырууга 30 миллиард сом талап кылынат, каражатты инвестициялар аркылуу тартуу пландалууда.