Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүдөн коргоочу туннель ачылды

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүдөн коргоочу туннель ачылды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, объект трассанын 246-чакырымында жайгашат. Өтмөктүн жалпы узундугу 460 метрге жетет.

 

Долбоордун сметалык баасы 39 миллион долларды түзүп, каражатты Япония өкмөтү бөлүп берген. Туннель айдоочуларга коопсуз жол жүрүүнү камсыздап, кар көчкү түшсө, кыймылды үзгүлтүккө учуратпоого шарт түзөт.