Жол кирени накталай төлөгөндөгү 25 сомдук тариф автобус, троллейбустарга гана тиешелүү

Жол кирени накталай төлөгөндөгү 25 сомдук тариф автобус, троллейбустарга гана тиешелүү. Бул тууралуу “Кабарга” вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов билдирди.

 

Анын айтымында, маршруттук таксилерде бирдиктүү 20 сом өлчөмүндө тариф бекитилет. Аларда накталай эмес төлөмдү кабыл алуу үчүн валидаторлорду орнотулбайт. Анткени, маршруттук таксилерди шаар четине чыгаруу пландалууда.