Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери аткарылат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, артиллериялык атуу жумуштары 19-20-февралда трассанын 198-чакырымынан 255-чакырымына чейин жүргүзүлөт.
Белгилеп кетсек, кар көчкүнү атайлап атып түшүрүү иштери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында аткарылат.