Саясий партияларга шайлоо фонддорун түзүү мөөнөтү аныкталды. 24 агенттигине Бишкек шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдиргендей, фонддор ыйгарым укуктуу өкүлдөр каттоодон өткөндөн кийин 5 күн аралыгында түзүлүшү керек.
Ал эми күрөө акысын 1-мартка чейин бериш керек болот. Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине талапкерлер 500 миң сомдон берсе, калган кеңештерге шайлоо күрөөсү 20 миң сомду түзөт. Эске салсак, 448 жергиликтүү кеңешке шайлоолор 11-апрелде өтөт.