Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу убактылуу жабылат

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу убактылуу жабылат.

 

Анын Боом капчыгайына тиешелүү 118-чакырымында 10-майдан 13-майга чейин таштарды атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

 

Андан улам, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин трасса кыймылга чектелет. Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен өткөрүлөт. Эгер 40тан ашык унаа топтолсо, таштарды түшүрүү иши токтотулуп, унааларга өтүп кетүүгө уруксат берилет.