Кыргызстандын башкы магистралдары кыймылга ачык

Кыргызстандын башкы магистралдары кыймылга ачык. novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, тоолуу райондордо кар жаап жатат, бирок жолдор кыймылга жабылган жок.

 

Ашууларда жолчулар нөөмөттө туруп,  трассаны кардан тазалап, инерттүү материалдар себилип жатат.

 

Ведомство эскертет: айдоочулар жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүп, дөңгөлөктөрүн сөзсүз түрдө кышкыга алмаштырышы шарт.