Кыргызстандан Грузиянын туристтик шаарына аба каттам ачылат.
Өлкөнүн экономика жана туруктуу өнүгүү министри Натия Турнава
билдиргендей, 18-июлдан тартып Бишкек – Батуми чартердик каттамы
уюштурулат. Учактар ноябрга чейин жумасына бир ирет каттайт.
Белгилеп кетсек, учурда Батумиге каттамдын жадыбалы чыга элек.