Бишкекте ишканалардагы кызматкерлердин жарымын аралыктан иштөөгө өткөрүү сунушталды

Бишкек мэриясы ишканаларга менчигинин формасына карабай кызматкерлердин

50 пайызын аралыктан иштетүүнү сунуштады. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан

билдиришкендей, алгач тобокел тобуна кирген кызматкерлерди аралыктан иштөө

режимине өткөрүү маселеси каралышы керек. Алар, 60 жаштан өткөндөр, өнөкөт

оорулары барлар, кош бойлуулар жана учурда дарыланып жаткандар.

Ишканаларда санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө үчүн жетекчилер

жооптуу болот. Ошол эле учурда талаптар шаардын жашоо-турмушунда

маанилүү роль ойногон мекемелерге тиешеси жок.