Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоонун алдында 10-июлда “Жымжырттык күнү” болот

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоонун алдында 10-июлда “Жымжырттык күнү” болот. БШКнын маалыматына ылайык, шайлоо тилкелери ачыларга 1 күн калганда үгүт жүргүзүү иштери толугу менен токтотулат.

 

Аларга партиялардын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чыгуусу, чогулуштары, жолугушуулары кирет.

 

Эске салсак, “Жымжырттык күнү” добуш берүүчүлөр жакшылап ойлонуп, туура чечим кабыл алышы үчүн керек.