Баткен облусунда сел жүрүп, Согмент, Газ жана Кара-Булак айылдары жабыркады

Баткен облусунда сел жүрүп, Согмент, Газ жана Кара-Булак айылдары жабыркады.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, ылай аралар масса ички жолдорду, короо-жайларды каптап, эки көпүрө жана 3 гектар айдоо талааларын жараксыз кылды.

 

Андан тышкары, жергиликтүү тургундардын мүлкү жабыркады.

 

Селдин кесепетин жоюуга 15 куткаруучу, 40 жергиликтүү жашоочу жана атайын техника тартылды. Газ жана Согмент айылдарында өзгөчө абал режими киргизилди. Жаратылыш кырсыгынан келип чыккан чыгым эсептелүүдө.