Президенттикке талапкердин шайлоо фонду каржы суроолору боюнча өкүлүн каттоодон кийин 4 күн аралыгында түзүлүшү керек

Президенттикке талапкердин шайлоо фонду каржы суроолору боюнча өкүлүн каттоодон кийин 4 күн аралыгында түзүлүшү керек. БШКдан билдиришкендей,   1 миллион сомго барабар күрөө акысы 3-декабрга чейин төгүлүшү шарт.

 

Белгилүү бир убакытта талапкер Боршайкомго фондко каражат кайдан түшүп жатканы жана кайда сарпталып жатканы тууралуу отчет бериши керек болотр. 9-январь, кечки саат 6дан кийин бардык каржылык операциялар токтотулат. Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор 10-январда өтөт.