Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 6га чейин жарык Каралаев, Юнусалиев, Тыныстанов, Жумабек, Күрөңкеев көчөлөрүндө, Ак-Босого, Арча-Бешик, Кара-Жыгач конуштарында жана Ленинское, Маевка, Лебединовка айылдарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.