Кыргызстанда Умрадан келгендер менен байланышта болгон
1 миң 43 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө. Учурда обсервацияда
410 адам жайгашты. Өлкө боюнча дагы 2 миң 300 орун даяр.
Ал эми медициналык санитардык-карантиндик түйүндөр күчөтүлгөн
тартипте иштеп жатат. Жарандарга өз алдынча препараттарды
колдонуудан баш тартып, гигиенаны сактап жана эл көп чогулган
жерлерге барбай туруу сунушталат. Кошумчаласак, бүгүнкү
такталган маалымат боюнча республикада 6 адамдан
коронавирус катталды.