Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү жогорулады.
“Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей,
учурда андагы суунун көлөмү 14 миллиард 609 миллион куб метрди түзөт.
Муну менен суунун көлөмү 1 жума мурдагыдан 209 миллион кубга көбөйдү.
Бул Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эришине байланыштуу.
Буга чейин, энергетика жабдууларын иштетүү кызматынын жетекчиси Улукбек Мамыралиев быйыл
башкы резервуарда нымдуулуктун көлөмү былтыркыдан 2 миллиард кубга аз экенин билдирген.
Өкмөт өз кезегинде калк электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздалат жана
маалы менен өчүрүү болбойт деп убада берүүдө.