Кыргызстан мектептериндеги жаңы жылдык балатылар коронавируска каршы күрөшүү штабынын уруксаты менен гана өтөт

Кыргызстан мектептериндеги жаңы жылдык балатылар коронавируска каршы күрөшүү штабынын уруксаты менен гана өтөт.

 

Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти. Эгер аймактагы эпидемиологиялык абал жакшы болсо, анда штаб ошол аймакка тиешелүү мектептерде балатыны өткөрүүгө уруксат берет. Эске салсак, өткөн жылы мектептер онлайн-форматта иштегендиктен, балаты майрамы өткөрүлгөн эмес.