Бишкекте 6 бала бакча жана 15 мектеп курулат

Бишкекте 6 бала бакча жана 15 мектеп курулат.

Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, иш шаардык бюджеттин эсебинен да, Катар кайрымдуулук уюмунун филиалынын эсебинен да жүргүзүлөт.

Мектептер жана балдар бакчалары негизинен шаардын калктуу пункттарында салынат.