Төө-Ашуудагы тоннель убактылуу жабылды

Төө-Ашуудагы тоннель аркылуу өтүүчү жол убактылуу жабылды.

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн түштөн кийин туннелден өтүп бараткан унаа өрттөнүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен тоннелдин ичинде электр жарыгы үзгүлтүккө учурады.

Унаанын ичинде эки адам болгон, алар өз убагында эвакуацияланган.

Ашуудан өтүүчү жол күйүп кеткен унаа чыгарылып, электр энергиясы калыбына келтирилгенден кийин ачылат.