ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы боюнча алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөрдүн саны өзгөргөн жок

ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы боюнча алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөрдүн саны өзгөргөн жок.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, кеч тестке Бишкекте 795, Ошто 236 окуучу катышкан.

Бирок алардын эч кимиси 221ден ашык упай топтой алган жок.

Лидерлик дагы деле Бишкектеги  №70 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Эрлан Көлбаевге тиешелүү.

Ал мүмкүн болгон 245 баллдан 235 балл алган.

Жалпысынан республика боюнча эң жакшы көрсөткүчтү 57 окуучу көрсөтүштү.