Кыргызстандын ооруканалары жана дарыканалары дары-дармек менен өз убагында камсыздалышы керек

Кыргызстандын ооруканалары жана дарыканалары дары-дармек менен өз убагында камсыздалышы керек. Республикалык штабка мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов берди.

 

Өкмөт башчы белгилегендей, карантин учурунда зарыл болгон препараттардын жетишсиздиги катталып, курч абал жаралган.

 

Андыктан, экинчи толкун болуп калса, медициналык жайлар даяр болушу керек. Республикалык штабдан өз кезегинде белгилешкендей, учурда өлкөдө дарылардын 3 айлык запасы бар.