Баткендин Самаркандек айылында оорукана курулат

Баткендин Самаркандек айылында оорукана курулат. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, сынакты Турак-жай курулуш департаменти жарыялады.

 

Медициналык жай 75 орунга чакталышы керек. Анын курулушуна 125 миллион 809 миң сом пландалды. Арыздар 5-июлга чейин кабыл алынат.