Бишкекте административдик имараттардын тосмолору алынып жатат. Мэриядан билдиришкендей, бул жумуштар борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында жасалууда.
Белгилеп кетсек, ушул убакытка чейин Бишкек мамлекеттик университетинин, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Бишкек унаа-жол колледжинин жана Салык кызматынын тосмолору алынды.