Мугалимдерге вакцина алардын каалоосу менен гана жасалат.
Бул тууралуу бизге Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Ал белгилегендей, айрым педагогдорго гана ден-соолугуна байланыштуу эмдөө жасалбайт.
Ал эми мектептерде жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн кызматкерлердин 70 пайызын эмдөө керек.
Эске салсак, Кыргызстанда жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Бул мугалимдерге вакцина жасоого жетишүү үчүн кабыл алынган чара.