Диетологдор кечинде жеген кайсы тамактар уйкуну качыра турганын тизмектеп беришти

Диетологдор кечинде жеген айрым азыктар уйкуну качыра турганын айтып, аларды тизмектеп беришти.

 

Адистердин айтымында, куурулган эт же гриль, помидор, баклажан, консерваланган азыктар, туздалган балык же жашылча, авокадо, сыр сыяктуу тамактар уйкуну качырышы ыктымал.

 

Белгилүү болгондой, адамда уйку канбаса, иммунитет түшүп, стресске алып келет. Ал эми жакшы уктабаган киши бат чарчап, жини келип, тамакты көп жеп калат.