Бишкектин Жеңиш аянтында 9-майга карата гүл композициясы даярдалды

Бишкектин Жеңиш аянтында 9-майга карата гүл композициясы даярдалды. Мэриянын маалыматына ылайык, “Бишкек жашыл чарбанын” кызматкерлери гүлдөрдөн кызыл жылдызды, согуш жылдарын жана 75 санын түшүрүштү.

 

Бул үчүн сальвия, тагетис, колеус, петуния, бегония, седум жана башка бир жылдык гүлдөр отургузулду.