“Барселонанын” музейи, кеңсеси жана дүкөнү 12-июнда ачылат. Клубдун бардык имараттары пандемиядан улам 3 ай мурун жабылган. Дезинфекциялык иш-чаралар күчөтүлөт.
Клуб товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдө кардарлар менен байланышсыз ыкмаларды колдойт. Андан тышкары келгендер бири-биринен кеминде эки метр аралыкта турушу керек.