Бишкекте быйыл 3 сейил бак курулуп бүтөт.
Вице-мэр Уланбек Азыгалиев билдиргендей, биринчиси Байтик баатыр — Токомбаев
көчөлөр кесилишиндеги «Балалык» сейил багы. Ал америкалык дисней лэндди чагылдырат.
Кийинкиси Манас проспектиси менен Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бак.
Анын жалпы аянты 7,5 гектарды түзүп, кичи-футбол, баскетбол, волейбол аянтчалары,
велосипеддер үчүн рампа, минибар, воркаут-аянтчалары болот. Үчүнчүсү калаанын
түштүк бөлүгүндөгү Гейдар Алиев атындагы, жалпы аянты 5,5 гектерды түзгөн сейил бак.
Мында фонтан, амфитеатр жана балдар аянтчалары курулат.