Шайлоого байланыштуу “Жалалабатэлектр” ишканасы дагы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт

Шайлоого байланыштуу “Жалалабатэлектр” ишканасы дагы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. 28-ноябрда облуста жайгашкан шайлоо участкалары электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалат.

 

Ишканадан билдиришкендей,  компаниянын энергетиктери облустагы 435 шайлоо тилкесин тейлейт. Ар бир участкага бирден электромонтёр, көзөмөлдөөчү кассир бөлүнүп, шайлоо тилкеси өз ишин жыйынтыктаганча нөөмөттө турат.

 

Жалпысынан добуш берүү күнү “Жалалабатэлектрдин” 760 кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Эске салсак, парламенттик шайлоо ушул жекшембиде өтөт.