Жыл башынан берки тогуз айда Кыргызстандын калкынын саны 92 миң 800 адамга көбөйдү. Улуттук статистикалык комитет билдиргендей, муну менен быйылкы жылдын октябрына карата өлкөдө элдин саны 7 млн 130 миң адамга жетти.
Тогуз айда 108 миң 400 ымыркай төрөлгөн.
Мындан тышкары быйыл январь-сентябрь айларында өлкөгө туруктуу жашоо үчүн 11 миң 200 адам келсе, 3 миң 700 адам кеткен.