Бишкекте бир жуманын ичинде төртүнчү мектеп директору пара менен кармалды

Жаңы окуу жылы башталбай жатып Бишкекте төртүнчү мектеп директору пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

 

Кылмышка шектүү окуучуну башка мектепке которуу маселесин оң жагына чечип берем деп 5 миң сом алгандыгы айтылат. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
УКМК президенттин жарлыгына ылайык, мектептерде, мамлекеттик билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга жана ар кандай коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынарын, мындай фактылар болсо кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.