Бишкекте борбордук мечиттен ири суммада акча уурдоого шектүү жаран кармалды

Бишкекте борбордук мечиттен ири суммада акча уурдоого шектүү жаран кармалды.

Шаардык милициянын маалыматына ылайык, 20-январда Жибек Жолу проспектисиндеги

мечиттен белгисиз бирөөлөр жабырлануучунун баштыгын уурдап кеткен. Анын ичинде доллар,

сом жана рубль түрүндө жалпысынан 10 миң 300 доллар болгон.

Издөө иштеринин натыйжасында 50 жаштагы адам кармалды.

Шектүүнүн жанынан жоголгон предметтер табылды.

Учурда тергөө иштери уланууда.