Ош облусунун аймагында очогундагы күчү үч баллга жеткен жер титиреди.
Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында үч балл,
Өзгөн районунун Чимбай айылында үч балл, Мырзаке, Салам-Алик
айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.