Жалал-Абадда “Тазалык” ишканасына 3 жаңы техника тапшырылды. Шаар мэриясынан билдиришкендей, таштанды жыйноочу унааларды сатып алууга 18 миллион сом жумшалды.
Анын 12 миллион сому облустук өнүктүрүү фондунан бөлүнсө, калган сумма жергиликтүү бюджеттен каржыланган.