Бишкекте дене табы көтөрүлгөн коомдук унаа айдоочулары каттамга чыгарылбайт

Бишкекте 250дөн ашык маршруттук унаа дезинфекциядан өттү.

Мэриядан билдиришкендей, Санитардык-эпидемиологиялык

борборунун кызматкерлери автобус жана троллейбустарда вирустун

алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат. Муну менен бирге соода

түйүндөрүндө да тазалоо иштери өтүп жатат. Муниципалитеттен

белгилешкендей, медициналык кароодон өтпөгөн, дене табы көтөрүлгөн жана

респиратордук вирустун белгилери бар айдоочулар каттамга чыгарылган жок.