Кыргызстанда 218 адам карантинде

Кыргызстанда 218 адам карантинде.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирге карантин

зонасындагы обсервация үчүн 964 орун даярдалды. Республика боюнча

райондук, облустук бейтапканалардын базасындагы стационардык түйүндөрдө

400 орун бар. Ал эми жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн бир бөлүгү резервге коюлду.