Бишкекте үй куруучу панелдерди чыгарган завод ачуу пландалдууда

Бишкекте үй куруучу панелдерди чыгарган завод ачуу пландалдууда.

Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкана үчүн италиялык жабдуулар буга чейин жеткирилген.

Жакын арада адистер жабдууларды орнотууга киришет.

Заводдун продукциясы социалдык жана өндүрүштүк объектилердин курулушуна жумшалаары, бул Кыргызстандагы цемент заводдорунун толук жүктөөсүн жана жалпы курулуш тармагын өнүктүрүүнү камсыздай турганы белгиленди.