Бишкекте келе жаткан жекшембиде велосезон ачылат

Бишкекте келе жаткан жекшембиде велосезон ачылат. Иш-чара ордо калаанын 145 жылдыгына арналат.

 

Мэрия маалыматына ылайык, велосипедчендердин жүрүшү “Ала-Тоо” аянтынан башталып, Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркына чейин болот.

 

Буга байланыштуу, 2-апрелде эртең мененки саат 9дан 10 жарымга чейин айрым борбордук көчөлөр маал-маалы менен тосулат, — дешти муниципалитеттен.