Бишкекте жаңы жылдык балатыны кооздоо иштери уланууда.
novosti.kgге мэриядан билдиришкендей, каркасы тургузулду,
учурда кыш сулуусун кооздоо иштери уланууда. Болжолдуу түрдө балатыны
жандыруу аземи 10-декабрда өтөт. Эске салсак, ушул жылы каражатты
үнөмдөө максатында былтыркы жылдагы оюнчуктарды жана башка
жаңы жылдык атрибуттарды колдонулат. Үнөмдөлгөн сумманы
ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана
ардагерлерге белектерди алууга жумшалат.