Катар Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 420 кычкылтек концентратору
КОВИД-19 вирусу менен күрөшүү максатында тапшырылды. Гуманитардык жардамдын
баасы 250 мин долларды түзөт. Эске салсак, Кыргызстанга буга чейин бир катар
өлкөлөр жардам көрсөтүштү. Анда медициналык жабдуулар жана
коргонуу каражаттар басымдуулук кылат.