Мектептеги окуучулардын ар биринин ысык тамагына 10 сомдон бөлүнөт

 

Мектептеги окуучулардын ар биринин ысык тамагына 10 сомдон бөлүнөт.

Билим берүү министрлигинин башкы адиси Назгүл Мусаева билдиргендей,

ушул айда мектептерге ысык тамак берүү боюнча жаңы меню иштелип чыкты.

Анда тамактарда канча грамм белок, витаминдер болушу керектиги каралды.

Талапка ылайык, мектептеги ашпозчулар окутулуп сертификаттарды алышты.

Ал эми учурда республиканын 35 пайыз мектептерине ысык тамак жеткиликтүү эмес.

Бул маселе 2022-жылга чейин чечилет, — деди Мусаева. Кошумчаласак,

Кыргызстанда жалпысынан 2 миңден ашык мектеп бар, алардын 1 миң 371инде ысык тамак уюштурулган.