Ордо калаага жылуу жана ачык аба-ырайы бир нече күнгө кайтып келди.
Синоптиктердин маалыматына караганда, абанын табы нормасынан
6-8 градуска жогору болот. Бул сентябрь айынын биринчи декадасына мүнөздүү.
Күндүз 15, 18 градус нөлдөн жогору, түнкүсүн термометр мамычалары 8 градустан
ылдый түшпөйт. Мындай аба-ырайы ушул жуманын аягына чейин созулат.
Жаан-чачын жакынкы 10 күндө күтүлбөйт.