Бүгүн Бишкектеги калкты тейлөө борборлору убактылуу жабылат. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, 1-жана 3-борборлордо түшкө чейин дезинфекциялоо жүргүзүлсө, түштөн киийн 2-жана 4-калкты тейлөө борборлору жабык болот.
Ведомство документтерди өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин деле алса болоорун эскертип, үйдөн чыкпай отурууну сунуштайт.