Бишкекте студенттердин 70 пайыздан ашыгы фастфуд жешет

Бишкекте студенттердин 70 пайыздан ашыгы фастфуд жешет.

Фастфуд менен ар бир экинчи студент бир күндө бир жолудан ашык тамактанат.

Мындай маалыматтарды Бишкек эл аралык медициналык институтунун кызматкерлери изилдөөнүн жүрүшүндө аныкташты.

Сурамжылоо көрсөткөндөй, студенттердин көпчүлүгү, тагыраагы, 56 пайызы фастфудду даамдуу деп эсептегендиктен тандашат.

Ал эми 43 пайыз тамактануу убактысын үнөмдөйт, ар бир бешинчиси арзандыгын артык көрүшөт, студенттердин 6 пайызы болсо фастфудга көз каранды болуп калышкан.