Бишкекте түнкү сугат иштерине уруксат берүү процедурасы жөнөкөйлөштүрүлдү

“Бишкексууканал” ишканасы түнкү саат 12ден таңкы 5ке чейин таза суу менен жашыл аянтчаларды сугарууга уруксаат берүү процедурасын жөнөкөйлөштүрдү.

Мэриядан белгилешкендей, эми жеке сектордун тургундары суу каналга кайрылбастан, кезекке да турбастан, почта же терминал аркылуу каражат төлөп, түнкү сугатка автоматтык түрдө уруксат ала алышат.