Чүй облусундагы айланма жол аркылуу өтүү акылуу болот

Чүй облусундагы айланма жол аркылуу өтүү акылуу болот.

Унаа жана жолдор министрлигинин орун басары Нурланбек Кайынбаевдин айтымында, аталган трасса калыбына келтирилет.

Кайра курууга 150 миллион доллар керектелет.

“Дордой” базарынын аймагында узун тыгындар бар экенин билесиңер, ал жакка алты тилкелүү жол салууну пландап жатабыз.

Айланма жол ыңгайлуу жана эл аралык стандарттарга жооп берет — деди чиновник.

Ал кошумчалагандай, Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол, түндүк-түштүк жолунун туннели жана эстакадалык көпүрөсүнө дагы акы төлөнөт.

Буга чейин Транспорт министрлиги альтернативалык Бишкек-Кара-Балта-Чалдыбар жолу үчүн да акы төлөнөрүн билдирген.