Өлкөдөгү бардык соода түйүндөр 31-майга чейин POS-терминалдарды орнотуусу керек

Өлкөдөгү бардык соода түйүндөр 31-майга чейин POS-терминалдарды орнотуусу керек.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, банктык төлөм карталарын же электрондук акчаларды колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдууларды орнотпогондорго 1000 сомдон 5 миң сомго чейин айып пул каралган.

Мекеме санариптештирүү шартында накталай эмес төлөм формасына өтүү ишкерлер үчүн да, керектөөчүлөр үчүн да пайдалуу деп эсептейт.

Белгиленгендей, ириде бул жасалма банкнотторду кабыл алуу тобокелдигин азайтат.